Москва шаарынын четинде жеңил атлетикага арналган музей ачылды. Анда советтик спорттун өнүгүшүнө салым кошкон Кыргызстандык спорт чеберлери тууралуу маалыматтар дагы коюлган. Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова Сеул шаарында өткөн 24-Олимпиадада эстафеталык жарышта кийген кийимин, бут кийимин жана номурун тапшырды.
Музейге уникалдуу маалыматтар менен атактуу спортчуларга таандык буюм-тайымдар коюлган. Алардын арасында биздин мекендешибиз, олимпиада чемпиону Мария Кулчунованын “алтын бут кийими” дагы бар.
Музейдин түптөөчүсү, мурдагы биздин мекендешибиз Александр Паксиватов 45 жыл аралыгында, белгилүү спорт чеберлери тууралуу китептерди, макалаларды жана өздүк кол тамгаларын чогулткан. Анын музейге таандык маалыматтарды топтоого болгон кызыгуусу, жаштыгы өткөн Фрунзе шаарында башталган.
Советтик спорттун атактуу чеберлери музейден өздөрүнүн тарыхый сүрөттөрүн көрүп, жаштык кездерин эскерди. Анткен менен алардын бары карылыкка моюн сунбагандай. Бекеринен байыркы Олимп оюндарынын уюштуруучулары: “Эгер күчтүү болгуң келсе чурка, сулуу болгуң келсе чурка, акылдуу болгуң келсе да чурка”, - деп бекеринен айтпаса керек.