Жаңылыктар
Кыргызстанда октябрь айынан баштап пенсия жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда октябрь айынан баштап пенсия жогорулайт

Кыргызстанда октябрь айынан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди. 

Анын айтымында, пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, анын орточо өлчөмү 6 миң 61 сомду түзөт. "Индексациялоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107 пайызга өсөт. 

Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсия алгандарга эң аз дегенде 300 сомдон, ал эми өлчөмү мындан азыраак сумманы түзгөндөргө 360 сомго жогорулатылат", - дейт ал. Ирсалиев кошумчалагандай, 689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 млн сом, анын ичинен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 75,2 млн сом, пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 млн сом кошумча керектелет.