Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд. куб метрге жакындады
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд. куб метрге жакындады

 Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 834 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы кабарлады. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 669 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 267 куб метрге жетет. Суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку башындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.