Россия менен сентябрдан тарта туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев "Ала-Тоо 24" каналынын түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Россия менен сентябрь айынан баштап 4 шаар менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. “Биз Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарлары менен каттамдарды калыбына келтирүү маселеси боюнча иштеп жатабыз. Туруктуу рейстер сентябрь айында ачылышы мүмкүн”, - деди ал. Акышев кошумчалагандай, туруктуу каттамдар боюнча Казакстан менен дагы маселе иштелип чыгууда, ошондой эле сунуштар Кувейт