Жалал-Абадда 100 орундуу жаңы оорукана курулуп жатса, облустук ооруканада алгачкы жолу ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү ишке киргени турат. Эки күндөн бери өлкөнүн түштүк облустарында жумуш сапары менен жүргөн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, бүгүн Жалал-Абад облусундагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышып, өндүрүш ишканаларында болду.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы үчүн 100 орундуу жаңы имарат курулууда. Курулуштун жүрүшүн мамлекет башчы көрүп чыкты. Республикалык бюджеттен каржыланган обьектинин баасы 77 млн. сомго бааланган. Эки кабат болуп түшүп жаткан имарат азыр, 40 пайызга жыйынтыкталды.
Президент ошондой эле, аталган оорукананын аз күндөн кийин ишке түшчү ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн шарттары менен таанышты. Тез жардам бөлүмүнүн жаңы имараты Германия Өкмөтүнүн көмөгү менен курулган. Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган бөлүм облустук ооруканада жаңыдан ишке кирмекчи.
Бөлүмүнө жалпы жардам көрсөтүү үчүн 9 керебет түзүлгөн. Бейтаптарга 3 сааттан 12 саатка чейин тез жардам көрсөтүлгөн соң, тиешелүү бөлүмдөргө которулат. Мындагы 6 дарыгер 14 мед айым жана кичи мед айымдар атайын окуу курстарынан өткөн.