Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Азиз Батукаевге жана андан сырткары он айыпталуучуга карата козголгон кылмыш ишине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Жазык жана жарандык процесстик бөлүмүнүн башчысы Кумарбек Токтакунов билдирди.
Лабораториянын жардамчысы Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөттүк аппараттын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурунку башчысы Марат Бекенов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канатбек Бектемиров, экс-судья Жапар Эрматов жана адвокат Али Касымов 260 миң сом айыпка жыгылышты.
“Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Акылбек Асанов, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын дарыгери, Фархад Атаходжаев, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана экс ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 300 миң сом айып пулга жыгылды.
19 адам кылмыштуу жетекчи Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинде айыпталууда. Булар соттолгондорго диагноз койгон дарыгерлер жана лабороториянын жардамчысы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы бар.
14 айыпкерге карата козголгон иш тергөө иштери менен келишим түзгөндөн кийин, өзүнчө сот өндүрүшүнө бөлүнгөн. Натыйжада, Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды.