Жаңылыктар
Instagram: Цветковдун баракчасында терс пикирлер жамгырдай жаады
Кыргызстан жаңылыктары
Instagram: Цветковдун баракчасында терс пикирлер жамгырдай жаады

Россиялык алып баруучу жана шоумен Артур Цветковдун инстаграмдагы баракчасына акыркы 24 саат ичинде комментарий жамгырдай жаады. Социалдык тармактын колдонуучулары теле алып баруучуга каршы ой-пикирлерин калтырышкан. Ал арада Россиянын MTV телеканалы аны колдобой турганын билдирди.

Ал эми Цветков инстаграм баракчасындагы сүрөттөрүнө комментарий жазуу мүмкүнчүлүгүн өчүрүп салды.

Ага улай белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова бул маалыматты угары менен кабатыр болгонун билдирип, социалдык тармак аркылуу сөгүш уккан Манап аттуу кыргыз жигити менен байланышып, анын пикирин уккан. Анын айтымында, “Алып баруучу маскасы жок кирген, жанымдагы кыз маска тагынууну айтты, бирок ал укмаксанга салып, тагынган жок. Ага дагы бир жолу айтканда кол аарчыгычты алып, бетине коюп ыраазысыңарбы, болдубу?” – деди. Шеригим "биз маскасы жок тейлебейбиз" деп эскертти, бирок, ал уккан жок. "Мен барып эмне канааттандырбай жатат?",- деп сурадым. "Менеджериңер кайда? Чакыргыла!", – деп кыйкырды. Мен "Менеджер жок, өзүм эле иштейм",- деп айттым. Анан ал мага асылып кирди, мага жакын келип башка 5-6 жолу чаап жиберди, мен дагы чыдабай чаптым. Ал мени “Сен кимсиң өзү? Менин ким экенимди билесиңби? Мен сени депорт кылам!” – деп коркутуп кирди. Мен колуңан келгенин кыл, эч нерсеңен коркпойм! дедим. Ал милиция кызматкерлерин чакырды. Биз иштеген жердин башчысы "Бүгүн дагы келишет анан чечишип аласыңар, байкап көрөбүз",- деп айтты.  Азыр кыргыз мамлекетинин Россиядагы өкүлчүлүгүнөн кишилер келишти” – деп сөзүн аяктады.

Белгилей кетсек,  12-августта интернетте Россиянын белгилүү теле алып баруучусу Цветков тез-татым тамактануучу жайлардын биринде кыргызстандык жигитке акаарат келтирип, сөгүнгөн видеосу тараган.