Жаңылыктар
COVID-19. Бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруп калды
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19. Бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруп калды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

• Бишкек ш. – 2

• Ош ш. – 2

• Баткен облусунда – 3

• Жалал-Абад облусунда – 2

• Ысык-Көл облусунда – 1

Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 23 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2991 учур катталды, алардын ичинен 2271 медкызматкер айыгып чыкты.