Жаңылыктар
Артур Цветков менен кыргызстандыктын ортосунда чыр чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Артур Цветков менен кыргызстандыктын ортосунда чыр чыкты

Москва шаарынын тез тамактануучу жайында иштеген кыргызстандыктар менен “Fashion TV Russia” телеканалынын алып баруучусу Артур Цветковдун ортосунда чыр чыкты. Алардын чуусу тартылган видео интернет айдыңында желдей тарады.

Артур Цветков маска тагынбай келгендиктен тез тамактануучу жайдын кызматкерлери эскертүү беришкен. Бирок ал беткап кийүүдөн баш тартканынан улам чыр чыккан. Видеодо көрүнгөндөй, Цветков мигрантты оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, ага кол көтөрүүгө да аракет жасаган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, алып баруучу кыргыз мигрантына каршы Цветков арыз жазган.