Бишкек шаарында ооруканалар санариптештирилип жатат. Дарыгерге кайрыла тургандар www.registratura.med.kg порталы аркылуу өзү катталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кирип, дарыгердин жумуш графигине жараша барчу убактысын жазып катталат. Мындай ыкма азыркы пандемия маалында киши топтолбой, убагы келгенде барганга шарт түзөт.
Ноябрдан бери ишке кирген система боюнча ооруканага катталган жарандын 60% ашыгы онлайн каттоо аркылуу келишет. Азыркы тапта ооруканалардан сырткары бала-бакча, мектеп, спорттук машыгуу жайлары, социалдык документтерди алуу сыяктуу тейлөө кызматтары электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлөт.