Жаңылыктар
ИФА - илдетти иликтейт
Кыргызстан жаңылыктары
ИФА - илдетти иликтейт

Иммундук - ферменттик анализ же болбосо ИФА - бул лабораториялык изилдөөлөрдүн бир ыкмасы. Ал адамдын коронавирус менен ооруганын М жана G деп эки багытта аныктайт. Бул туурасында брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева маалымдады. 

Айтымында, ИФА анализинин жардамы менен бейтап жакынкы жумада же бир ай мурда тумоо менен күрөшкөнүн биле алат. Министрликтин уруксаты менен ИФА учурда 11 жеке лабораторияда жүргүзүлүүдө. 21-июлдан баштап 12 -августка чейин бардыгы болуп 13 миңден ашуун адам анализ тапшырган. 

Анын ичинен, 48 пайызында иммуноглобулин М жана G оң деп табылды. Тагыраагы, бул адамдардын коронавирус менен ооруганы аныкталган.