Ош шаарында, 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасы план боюнча салынууда. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Объектте 70 киши 7 атайын техника менен иштеп жатат. Аянты 2628 чарчы метрге чамалаган оорукана жеңил конструкциядан тургузулат. Долбоор боюнча лаборатория, реанимация, жугуштуу дартты аныктоочу жана дарылоочу 2 бөлүм болот.