Жаңылыктар
COVID-19: Нарында бейтап азайды
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Нарында бейтап азайды

Нарын облусунда СOVID-19 жана пневмонияга чалдыккандардын азайганы байкалууда . Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасындагы жугуштуу оорулар жана неврология бөлүмдөрүндөгү "кызыл зонада" 38 адам дарыланууда. Алтысы коронавирус, 32 киши пневмония. 

Анда 11 медицина кызматкери иштеп жатат. "Жолугушууда бейтаптар дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, арыз-даттануулары жок, дары-дармектер жетиштүү экендигин айтышты. Кайрылгандар азайгандыктан, күндүзгү стационарлардын саны убактылуу кыскарды", - деп кошумчалады өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.