Куткаруучулар республиканын аймагында сууга агып кеткен үч баланы издеп жатат. Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкектен Чоң Чүй каналына 5 жашар бала түшүп кеткен. 10 куткаруучу издеп жатат, азырынча эч натыйжа жок.
Мындан тышкары, 7-августта, Кочкор аймагынан Чүй дарыясына 17 жашар бала агып кеткен. 4 куткаруучу, жергиликтүү жардамчылар издеп жатат. 10-августта Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына дагы 10 жаштагы бала түшүп кеткен. 8 куткаруучу издеп жатат, азырынча табыла элек.