Жаңылыктар
"Э-патент" - эл кызматында
Кыргызстан жаңылыктары
"Э-патент" - эл кызматында

Өкмөттүн токтому менен экономикалык ишмердүүлүккө патенттин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы бир документ менен патент жана камсыздандыруу полисин алууга боло турган «Э-патент» электрондук сервисин жакшыртты. 

Бул жарандардын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткаруусу үчүн шарттарды түзүүгө жана башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, мурда ишкерлер алгач патент, андан соң камсыздандыруу полисин алууга убакыт коротуп келишкен.

 2018-жылдан тарта жарандар патентти салык органдарына келбестен, онлайн түрүндө алуу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Эми эки документтин бириктирилген формасы электрондук форматта - «Э-патент» электрондук кызмат аркылуу жеткиликтүү.