Жаңылыктар
Бишкектеги өрт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги өрт

Бишкектин Разаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Кори” чыгармачылык студиясында чыккан өрттүн себептери такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ кечинде сүрөт галереясынын жыгач устундуу, айнек кебез менен жылууланган, кара кагаз жабылып битумдалган чатыры күйгөн. Аянты 250 чарчы метр. Тилсиз жоону 3 бригада келип өчүрдү. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.