Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда.
Мамлекет башчысы 12-13-август күндөрүндө жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай, билим берүү объектилеринин ишмердиги менен таанышат.
Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.