Жаңылыктар
Cанитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Cанитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга айып пул салынды

Бишкекте 1-июндан тарта кичи автобус, автобус жана троллейбустардын айдоочуларына санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн 370 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Чектөөлөр киргизилгенден бери жалпы 2 миң 600дөй коомдук унаа текшерилсе , анын ичинен 217 айдоочу талаптарды аткарган эмес. 

Текшерүүдө санитайзерлердин, тазалык жана аралыктын сакталышы каралды. Эске салсак, 3-августтан баштап борбордо коомдук транспорттор милдеттүү түрдө дезинфекцияланып, саат 07:00 - 11:00 жана 14:00 - 23:00 аралыгында каттап жатат.