8-августтан тарта Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор ишмердүүлүгүн токтотту.
Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын жыйынында кабыл алынды.
Айта кетсек, Ош шаарына кирүүчү жолдорго жалпы 7 санитардык-карантиндик посттор орнотулган болчу (“Жапалак ДЭУ”, “Тээке-аскер полигону”, “8-март”, “ТЭЦ”, “Беш-Көпүрө”, “Кырарык-Арка”, “Амир-Темур”).
Бирок, ошол эле учурда, эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ооруга чалдыгуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо зарылдыгын эсиңиздерге салабыз.
Акыркы сутка ичинде Ош шаарында COVID-19 U07.1 жана U07.2 боюнча 24 жаңы учур катталды.