Узакка созулган оорудан улам, 39 жаш курагында биздин кесиптешибиз Ниязова Нурзат Шаабековна дүйнөдөн кайтты. Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук.
Ниязова Нурзат 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.
1999-жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин англис тили филологиясы бөлүмүнө тапшырган. 2006-жылы Корпорациянын курамындагы Республикалык радиотелеборборго ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптануу мезгилинен бери эмгектенген.
2015-жылдан тартып , Нурзат Ниязова КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген. Расмий сайттын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, сайттын медиа тармагына чыгышына көп эмгек жумшаган. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды.
Ниязова Нурзат Шаабековнанын жаркын элеси, мыкты адамдык сапаттары жана жасаган эмгеги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!
Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан Ниязова Нурзаттын үй-бүлөсүнө, жакындарына КТРК жетекчилиги жана эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.