Бишкек шаарына 1 миллион 234 миң гүл отургузулган. "Бишкек жашыл- чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Диля Барбориева "Ала-Тоо 24" каналынын "Иш илгери" программасында билдирди. Анын айтуусунда, калаада 30 га жакын гүлдүн түрү бар.
Октябрь айында роза гүлдөрдү отургузулат. Буга чейин Борбор калаадагы «Жеңиш» паркы, Ала-Тоо аянты жана башка сейилдөөчү жайлар көрктөндүрүлдү. Мындан ары «Ден-соолук» жана «Ынтамак 2» паркына гүлдөр отургузулат. Башкы агроном, 2021-жылы көп жылдык гүлдөр мындан эки эсеге көп отургузуларын кошумчалады.