Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында республикалык бюджеттин эсебинен ар бир райондогу жолдорун 3 чакырымына асфальт төшөлүшү зарыл. Бул жумуштар Жалал-Абаддын, Сузак, Базар-Коргон районунда аяктады. Калган райондордо сентябрда жыйынтыкталат. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында коюлган план-тапшырмага ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 20 чакырым жолго асфальт төшөлүшү керек. Ар бир райондо 3 чакрымдан. Ушул тапта 10 чакырымы аяктады. Чаткал, Ала-Бука районунда жумуш жүрүп жатат. Жол оңдоого жумшалуучу каражат мамлекеттик казынадан бөлүнгөн. Сузак районунун аймагында 3 чакырым жолго асфальт төшөлдү.