Жаңылыктар
Турция жана БАЭге аба каттамдары жандандырылды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Турция жана БАЭге аба каттамдары жандандырылды - Кыргызстан жаңылыктары

"Авиациялык бийлик ортосундагы жетишилген сүйлөшүүлөргө ылайык эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 7-августунда Турция Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары менен жандандырылды”, - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.


Ошондон улам, төмөнкү каттамдар аткарылууда:


 - «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек -Анталья- Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу;

 - «Турция авиалиния» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;

 - «Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек- Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;

 - «ФлайДубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 1 жолу.


 Каттамдар жана билеттерди сатып алуу маселеси боюнча авиакомпаниялардын сайттарынан маалымат алсаңыздар болот.