Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Министрликтин билдиргендей, 10-августка божомолдонгон нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындан улам, коопсуздук чараларын сактап жергиликтүү калктын, мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын көмөгү менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, дренаждык тутумдарды тазалоо зарыл.