Жаңылыктар
Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды

9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди кармады.

10-августта Биринчи май райондук сотунда Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралат. 

“Бүгүн анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана балким бөгөт чарасы да каралат” - деди адвокат.

"Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Абдуллаев "Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган. 2018-жылы май айындаТашкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Айрым маалыматтар боюнча Абдуллаев кийинчерээк башка кылмыш иши боюнча да айыпталып, Өзбекстанда ага издөө жарыяланган.