Жаңылыктар
Айлык акысы жогорулаган кызматтар
Кыргызстан жаңылыктары
Айлык акысы жогорулаган кызматтар

Жыл башынан тартып май айына чейин өлкөдө экономиканын 5 тармагында иштегендердин эмгек акысы жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Бул мезгил аралыгында тоо-кен тармагындагы жумушчулардын маянасы жогорулагандыгы байкалып, 30 миң сомдон 45 миң сомго чейин жеткен. 

Экинчи орунду куруучулар ээлеп. Алардын маянасы 18 миң сомдон 22 миң сомду түзгөн. Админстративдик кызматта иштегендердин айлыгы 16 миң сомгө көтөрүлгөн. Ал эми мамлекттик башкаруу кызматындагылардыкы 21 миң сомдон 23 миң ссомго жогорулаганы байкалды. Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматкерлери 34 миң сомдун ордуна 36 миң сом ала башташты.