Бишкекте тротуар менен веложолдорду куруу иштери уланууда. «Бишкек асфальт сервис» ишканасы шаардын түштүк бөлүгүндөгү айланма веложолду бүтүрдү.
Эми ага шаардын түндүк тарабынан П тамгасынын формасындагы веложол келип кошулат. Бул жолду куруу иштери учурда кызуу жүрүп жатат. Жумуштун негизги бөлүгү аткарылып бүттү. Манас проспектисинен тартып Чүй проспектине чейинки тротуар даяр болуп калды. Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспекттен, Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы аяктады.
Ошондой эле узундугу 4 жарым чакырым болгон веложол Дэн Сяопин көчөсүндө Алыкулова көчөсүнөн - Фучик көчөсүнө чейинки аралыгына курулуп жатат. Мына ушундай курулуш иштери шаардын башка бөлүктөрүндө дагы жүргүзүлүүдө.