Саламаттык сактоо министрлигинин элеткрондук саламаттык сактоо борборунун статистикасы боюнча, учурда иштеп жаткан медкызматкерлердин саны:
Дарыгерлер – 7326 (53%ды түзөт), орто медперсонал – 16407 (40%), кенже медперсонал – 5771 (46%). Алардын ичинде тобокелдик тобундагылар 10-14%ды түзөт, 10-12%ы сыркоого байланыштуу, эмгек өргүүдө, бала багууда жана башкалар.
«Мындан сырткары, республиканын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн КММАнын ординатурасын бүтүргөн 169 адамды бөлүштүрду. 175 адиске “Депозит врача” программасынын негизинде кварталда бир жолу финансы каражаттары төлөнүп берилет. Бишкек медициналык колледжин бүтүргөн 70 адис Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн”, - деп билдирди КР ССМ адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова.