Жаңылыктар
Ысык-Көлдө санитардык эрежелерди бузган пансионаттар жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө санитардык эрежелерди бузган пансионаттар жабылат

Быйыл өлкөбүздө пандемия болуп жатканына карабастан кереметтүү көлүбүздө эс алгандардын саны арбын. Эс алуучулардын санына жараша эс алуу жайлары да көп. Бирок айрым санаторий, эс алуу жайлары санитардык эрежелерге жооп бере бербейт. Мындай санитардык нормага жооп бербеген  пансионаттар жабылат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өкмөтүнүн өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин тиешелүү адамдарга аймактын бардык жагын санитардык эрежелердин сакталышын текшерип чыгууну тапшырган.

“Кийинки жумада дагы текшерүү улана берет. Эгерде пансионаттардын жетекчилиги эс алуучулардын, анын ичинде пляждардын коопсуздугун камсыз кылбаса, аларга айып пул салынат. Эгер айып пул жардам бербесе, биз алардын ишин мажбурлап токтотууга аргасыз болобуз”- деди чиновник.

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы белгилүү пансионаттарда эс алуучулар санитардык нормаларды жана социалдык аралыкты сактабай тургандыгы маалым болгон.