Кара-Балтадагы этил спиртин чыгарган завод кайрадан ишке кирди. Ишкананын жанданышы аймактарды өнүктүрүү жылына карата президенттин токтоп турган завод-мекемелерди кайрадан ишке киргизүү демилгесинин негизинде ишке ашууда. Жеке рынокто аларга атаандаштар көп болгону менен өндүргөн товарын жергиликтүү эле эмес, сыртка чыгарууга да мүмкүнчүлүгү бар.