Жаңылыктар
Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери Ж.Бошкоев кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери Ж.Бошкоев кызматынан бошотулду

Борбор калаадагы №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев кызмат ордунан бошотулду. Бул туурасында бүгүн 5-августта эртең мененки онлайн жыйында саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, буга чейин социалдык тармактарда көтөрүлгөн маселе боюнча комиссия тыкыр иш алып барды.

Буга чейин социалдык тармакка №1 оорукананын башкы дарыгери ыктыярчылар берген медициналык бет каптарды кызматкерлерге таратып бербегени туурасында маалымат тараган.Кийнчерээк ооруканада бет каптар кампада сакталып жатканы жана дарыгерлерде учурда бет каптар жетиштүү деңгээлде бар экенин айтышкан.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Бошкоев ээлеген ордунан четтетилген. Азыркы учурда милдетти орун басары аткарып жатат.