Борбор калаадагы медициналык кызматкерлер Кадамжай районунун жашоочуларынан 700 литрден ашык малина кыямын алышты. Республикалык штабдан билдиргендей, кыям азыркы кырдаалда Бишкектеги кызыл зонада, изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылды.
Белгилей кетсек, мурдараак Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине малинадан жасалган жарым тонна кыям жөнөтүшкөн.