Жаңылыктар
Мекендештерди алып келүү иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештерди алып келүү иштери уланууда

20-марттан 3-августуна чейин Кыргызстанга Россиядан 22 миң 440 жараны кайтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Президенттин Россиядан Кыргызстандын жарандарын Мекенине алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 1-июлдан 31-июлуна чейин Россия Федерациясынан 35 чартердик авиакаттам уюштурулуп, 32 автобус менен 7 986 жаран Кыргызстанга алынып келди. 

Россиядан авиакаттамдар убактылуу токтотулгандан баштап, 3-августка чейин Россиядан 93 авиакаттам, Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулду. Бүгүнкү күнгө чейин элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн сайттарында, социалдык тармактарда 3 500 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган. Элчилик Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга чакырат.