Бишкектен медиктердин тобу реабилитациялык максатта ден соолугун чыңдап, калыбына келиш үчүн Ысык-Көлгө эс алууга кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген 54 медиктен турган топ реабилитациялык максатта Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде эс алышат.