Жаңылыктар
"Ала-Арча" көрүстөнүндө өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Арча" көрүстөнүндө өрт чыкты

Баш калаадагы Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мүрзөдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, "Ала-Арча" көрүстөнүндө бүгүн түшкү саат 12:30да өрт  чыгып, аны өрт өчүрүүчүлөр өз маалында өчүрүп калууга жетишти.