Кечээ, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди.
Гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.
Россиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары:
коргоочу кобинезондор - 24 100 даана;
үч кабаттуу беткап - 24 729 даана;
полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5248 даана;
бет калкандар - 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар.