Жаңылыктар
Кыргызстанда 1-августан тартып, кадр тандоодо жаңы конкурстук система иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 1-августан тартып, кадр тандоодо жаңы конкурстук система иштейт

Бугун, президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" эксклюзивдуу маек куруп, бир топ маселелерге токтолду.

Президент Жээнбеков: "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасын да туташ санариптештирдик. Жыл башында Өкмөткө, Мамлекеттик кадр кызматына бир канча багыттар боюнча милдеттер коюлуп, бул иштин өтөөсүнө чыгыш боюнча тапшырма берилген. Мына ошол иштин өтөөсүнө буйруса чыктык.

1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Иштей баштайт. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер гана сунушталат. Негизги максат – тааныш-билиштикти жоюу. “Кадрлар баарын чечет” деп, бизге чейин эле айтып кетишкен.

Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Аны көпчүлүк билет. Ошондуктан бул негизги маселе. Ошол кадр тандоодо мамлекеттик кадр кызматы бошогон мамлекеттик, муниципалдык орундарга биздин жарандарыбызга ачык-айкындыкты, калыстыкты түзүп берүү. Кадр тандоо маселесине биздин жарандардын ишеничин толук алып келүү. Ошону менен биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы орундарга даяр кесипкөй, тажрыйбалуу, билимдүү балдарды тартуу. Буюрса, бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өз максатына жетти",- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.