Жаңылыктар
Токаев Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Токаев Кыргызстан элин  Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. 

«Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-ахлактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт. Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдерибиздин биримдигин арттырсын. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында. 

Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековго бакты-таалай, ак ниет иштерине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өсүүнү жана бакубатчылыкты каалады.