Кечээ, өкмөткө 560 кычкылтек концентраторлору тапшырылды. Гуманитардык жардамды Кувейттин "Ас-салам" кайрымдуулук фонду көрсөттү.
Бул жабдыктар жетишсиз болсо, кошумча колдоо көрсөтүү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз деп белгилешти фонддун өкүлдөрү.
Ошондой эле башка дагы медициналык зарыл жабдыктарды алып келүү боюнча Кувейт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын фонддун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев айтты.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова фонддун өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн колдоосу жана жарандардын өмүрүн сактоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.