Жаңылыктар
Бүгүн Москвадан 283 кыргызстандык кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Москвадан 283 кыргызстандык кайтып келди

Бүгүн, Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттам менен 283 кыргызстандык кайтып келди, алардын арасында жаш балдар дагы бар. Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Президент жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий мекемелеринин жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган. 

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн. Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча Кыргызстандын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген. Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.