Жаңылыктар
Июль айында медицина кызматкерлерине кошумча төлөмгө 396 млн сом жумшалды
Кыргызстан жаңылыктары
Июль айында медицина кызматкерлерине кошумча төлөмгө 396 млн сом жумшалды

Июль айында медицина кызматкерлерине кошумча төлөмгө 396 млн 60 миң сом жумшалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жок кылуу боюнча Ыкчам штабдын чечими менен медицина кызматкерлерине июль айына компенсациялык төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн өкмөттүн 27-июлундагы буйругу менен республикалык бюджеттен Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 млн сом жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 400 млн сом бөлүнгөн. Бул бөлүнгөн каражаттын ичинен 29-июль күнү саламаттыкты сактоо уюмдарына 225 млн сом төлөнүп берилди. 

Сумма саламаттыкты сактоо уюмдарынын болжолдуу эсептөөлөрүнө жараша төлөнүп берилди. Кошумча төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык табелдер жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын эсептешүү кагаздары даярдалган эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул зарыл болгон сумманын 55-60%ын түзөт. «30-июлда саламаттыкты сактоо уюмдарына инфекциянын очокторунда иштеген медицина кызматкерлерине бардык төлөмдөрдү ыкчам жана толук төлөө үчүн дагы 171, 6 млн сом төлөп берүү пландалууда. 

Кошумча төлөмдөрдү өлкө боюнча 14 миңге жакын медициналык кызматкерлер алышат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген 230 саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине июль айында Социалдык фондго кепилденген айлык маянадан жана чегерүүлөрдөн 851,7 млн сом өлчөмүндө каражат төлөндү», - деп айтылат маалыматта.