Жаңылыктар
Эпидемиологиялык абал турукташса, Россия, Түркия жана БАЭге каттамдар жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Эпидемиологиялык абал турукташса, Россия, Түркия жана БАЭге каттамдар жанданат

Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, биринчи иретте Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирликтеринен каттамдар жанданат.

“Эл аралык авиакаттамдарын жандандыруу боюнча штабдын чечими бар. Өзүңүздөр билгендей, тышкы каттамдар эки тараптан чечилчү маселе. Азыркы учурда атайын кызматтар, Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен мурунку жүргүзүлүп жаткан каттамдардын кайсынысы биринчи жандандырылары тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Эпидемиологиялык абал жакшырып, туруктуу болсо, эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Биринчи иретте каттамдар Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери тараптан жүргүзүлөт”, - деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.