Жаңылыктар
Бишкекке Москвадан 233 жаран келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке Москвадан 233 жаран келди

Бишкекке Москвадан 233 жаран келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, келгендердин арасында балдар да бар. 

Мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн. 

Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда.