Кечээ, Бишкекке Стамбулдан 165 кыргызстандык келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей мекендештер "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча Кыргызстандагы Түркиянын жарандарын жана Түркиядагы Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн уюштурулган чартердик каттам менен учуп келишти.
Тышкы иштер министрлиги чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды кайтаруу боюнча иштерди улантууда.