Жаңылыктар
30-июль - Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү
Кыргызстан жаңылыктары
30-июль -  Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү

Жума 30-июль Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялады. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза болду. 

Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Каза болгондорго аза күтүү менен, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат. Коронавирус инфекция пандемиясынан каза болгон жарандарды эскерүү үчүн Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын. 

Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн. Кыргызстандын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.