Жаңылыктар
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет. 

"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштайбыз", - деп айтылат маалыматта.