Акыркы күндөрү өлкө аймагындагы туруксуз аба ырайы бир катар жаратылыш кырсыктарынын келип чыгышын шарттады. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, суу ташкындап, жолдорду жууп кетүүдө. Мындан сырткары эгин талааларын, турак үйлөрдү каптап, электр линияларын да жабыркаткан учурлар бар. Табият кырсыктарынын кесепети миллиондогон сом чыгымга учурутканы айтылууда.
Бул бир күн мурда Боом капчыгайындагы көрүнүш. Нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, бир чакырымга жакын жолду каптаган. Жолдун ортосунда унаалардын кезеги жаралып, айрым машиналар жарым метрге чейин көтөрүлгөн суудан өтө албай кайра артка кетип жатышты.