Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун шарттарын эске алуу менен медициналык мекемелерде жеке коргонуучу каражаттарын колдонуу тартибине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди. Ал үчүн коронавирусту жуктуруп алуу кооптуулугу боюнча медицина мекемелери үч топко бөлүндү. Биринчиси — вирус жуктуруу тобокелчилиги төмөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, фельдшердик-акушердик пункттар.
Бул жактарга оорулуу менен байланышта болбогон, вирустун белгилери жок же эпидемиологиялык абал анча кооптуу эмес өлкөлөрдөн келген жарандар кайрылса, дарыгер бир жолу колдонулуучу медициналык бет кап кийсе жетиштүү. Ошол эле учурда байтап да беткапчан болушу шарт.
Экинчиси — ушул эле мекемелер, бирок бейтап жөтөл, тамак оору сыяктуу вирустун белгилери менен келсе коргонуу каражаттарын өзгөртүшү керек. Мисалы, респиратор, көз айнек, бет калкан, коргонуучу костюм же бир жолу кийилүүчү халат. Ошондой эле баш кийим, кол кап, алмаштыруучу туюк бут кийим болушу шарт.
Үчүнчүсү — коронавируска кабылгандар же шектелип жаткандар дарыланган оорукана, стационарлар. Ошондой эле обсервация жайлары, мобилдик бригада жана Тез жардам кызматы кирет. Буларда милдеттүү түрдө респиратор, көз айнек, бет калкан, коргонуучу костюм бутуна туюк бут кийим, анын үстүнөн бахила кийилет. Өзгөртүүлөр дарыгерлер менен ыктыярчылардын кайрылуусун эске алуу менен киргизилди.