Жаңылыктар
Мирлан Назарбеков Кара-Буура районуна тез жардам унааларын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Мирлан Назарбеков Кара-Буура районуна тез жардам унааларын тапшырды

Жеке ишкер Мирлан Назарбеков Талас облусуна караштуу Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна эки тез жардам унаасын тапшырды. 

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Канатбек Акматбековдун айтуусунда, буга чейин аларда бир тез жардам унаасы болгон.

«Кызыл-Адыр айылында жакшы саамалык болуп жатат. Бул тез жардам унаалары буюрса элибизге үзүрлүү кызмат кылат. Мирлан мырзага бардык медицина кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.