Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 21 үйдүн короосун сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаардар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жекшемби күнү саат 22:15 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Казарман айылынын Кадыркул көчөсүн суу каптап, 20дан ашык турак үйдүн короосуна суу кирген.
Мындан сырткары Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 23-24-чакырым аралыктарын суу каптаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жана жарандык коргонуу комиссиясы менен жергиликтүү тургундар тартылып тазалашкан. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен унаа жол калыбына келтирилген.
Флаги блока:
На монтаж -- 0Смонтирован -- 0